Мэрия: Борбор калаанын бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт (карта)

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде диаметри 300 мм болгон суу түтүкчөсүндө авария болуп, анын кесепетинен суу агып кеткен. Мындан улам мэрия оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын бир бөлүгүндө суу убактылуу токтотуларын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, учурда «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын суу менен камсыздоо кызматынын бригадасы авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

“Бишкексууканал” ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөт. Бардык күч жумуштарды тез арада бүткөрүүгө жана суу менен камсыздоо системасын тез арада калыбына келтирүүгө багытталат», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия: Борбор калаанын бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт (карта)

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты