Мэрия: «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын «от казандары» тынымсыз иштөөдө»

  • 2 года мурун

 «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын «от казандары» тынымсыз иштөөдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпы саны 66 от казан учурдагы аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө  байланыштуу тынымсыз иштөөдө.  

Алардын 22си жаратылыш газы менен 22си көмүр электр энергиясы менен иштеп жатат. Ишкана шаардын батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн: Жал кичи району, Аскердик шаарча, Газ шаарча, Орто-Сай, Калыс-Ордо конуштары жана Жумушчулар шаарчасынын аймагын тейлейт. Жалпысынан ишкана калкты, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, өнөр- жай жана коммерциялык ишканаларын жылуулук энергиясы менен камсыз кылат. Башкача айтканда  40 мектепти, 14 бала бакча ,12 мамлекеттик мекеме, 212 жеке ишканананы кышкысын жылуулук менен камсыздайт.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты