Мэрия: 11-кичирайондогу гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда

  • 2 года мурун

Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

«Мэр биринчи кезекте аймакты гараждардан бошотуу шаардыктардын кызыкчылыгына жана унаа тыгындарын жоюуга багытталгандыгын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 28-мартта Бишкек мэриясы милициянын коштоосунда 11-кичирайондо жайгашкан №20 гараж-керектөө кооперативинин унаа токтотуучу жайларын сүрдүрүп баштаган. Кооперативдин мүчөлөрү гараждарды тазалоого каршы чыгып, милиция менен кагылышуу болгон.

Мэриянын маалыматына ылайык, №20 гараж-керектөө кооперативи 1973-жылы түзүлүп, 11-кичирайондогу Аламүдүн суусунун жээгинен 1,5 гектар жер жеңил конструкциялардан жасалган гараждарга бөлүнгөн.

2010-жылы гараждардын саны 694кө жетип, ээлеген аянты 2,8 гектарды түзгөн.

Бишкек мэриясы №20 гараж-керектөө кооперативинин аталган жерге менчик укугу жок экендигине байланыштуу сотко кайрылган. Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылы мэриянын арызын канааттандырып, шаардык жана Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты