Mercer: Бишкек чет өлкөлүктөр үчүн эң арзан шаарлардын бири болуп табылды

  • 2 года мурун

Бишкек менен Дүйшөмбү чет өлкөлүктөр үчүн эң арзан шаар болуп табылды. Бул тууралуу Mercer компаниясы түзгөн Cost of Living Survey рейтингинде белгилүү болду.

Рейтингде чет өлкөлүктөр үчүн эң арзан шаар катары биринчи орунду Түркиянын борбору Анкара, экинчи орунду Бишкек жана үчүнчү орунду Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаары ээлеген.

Арзан шаарлардын ондугуна Алжир, Тунис, Стамбул, Карачи, Исламабад, Алматы жана Ташкент шаарлары кирген.

Ал эми чет өлкөлүктөр үчүн эң кымбат шаар болуп Гонконг шаары табылган. Алдыңкы ондукка Тель-Авив, Нью-Йорк, Сингапур, Токио, Пекин, Цюрих, Женева, Базель жана Берн шаарлары кирди.

Рейтинг дүйнөнүн ири шаарларында иштеген чет өлкөлүк адистердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде түзүлгөн.

Изилдөөдө шаардагы азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде турак-жайдын ижара акысы, коомдук транспорттогу жол кире акысы, кийим-кечек жана көңүл ачуучу жайлардагы баалар эсепке алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты