Мэр Айбек Жунушалиев “Мадина” базары августта жабылбай турганын айтты
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Мадина» базары боюнча комментарий берип, соодагерлерди жаңы базарга көчүрүү маселеси этап-этабы менен жүргүзүлөрүн билдирди.
Анын айтымында, «Мадина» базары да, жаңы соода жайы да жеке менчик болуп саналат, ал эми мэрия менчик ээлеринин ишине кийлигишпейт, бирок ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоону камсыздайт.
Мэр белгилегендей, жаңы базарда айрым кемчиликтер аныкталган жана алар жоюлмайынча толук ишке киргизилбейт. Ошондой эле ижара шарттары өзгөрбөй турганы, бирок ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылды.
Мындан тышкары, «Мадина» базары 1-августтан тарта жабылбайт. Соодагерлерге жаңы жайга көчүү үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мезгил берилери маалымдалды.
Мэр ошондой эле базардын санитардык абалы жана инфраструктурасы боюнча тургундардын нааразычылыктары түшүп жатканын белгилеп, шаардагы базарларды модернизациялоо иштери улантыларын кошумчалады.




