“Менин шаарым” тиркемесинде электрондук күндөлүк пайда болот

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу муниципалдык бала бакчалардын жана мектептердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты санарип форматта алуу үчүн билим берүү департаментин санариптештирүү долбоорун сынак түр]ндө өткөрүүдө.

Мэрия билдиргендей, пилоттук долбоор №2, 13, 42, 50, 55, 57, 58, 68, 72, 74, 77, 79, 80, 93, 97, 102 мектептерде ишке кирүүдө.

Эми ата-энелер жана балдар бекер «» мобилдик тиркемеси аркылуу сабактардын графигин, үй тапшырмаларын, жетишкендиктерин жана катышуу рекорддорун көрө алышат.

Мындай пилоттук долбоор “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыгып, Ленин районунун айрым билим берүү мекемелеринде өтүүдө.

Эгер жыйынтык ийгиликтүү болсо, долбоорду андан ары өнүктүрүү жана башка мектептерге жайылтуу жагы каралууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты