«Менин ишмердүүлүгүмө эч кандай тиешеси жок». Арзыбек Кожошев кеңешчисинин кармалганы боюнча билдирүү жасады

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев кеңешчисинин кармалганы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Арзыбек Кожошев бул окуя ага жагымсыз болгонун жазды.

«Азыркы сиздерге тарап жаткан кабар өзүмө да күтпөгөн жагымсыз окуя болду. Менин кеңешчимдин кармалуусу боюнча маалыматты уккандан бери ыңгайсыз абалга келип олтурам. Чынымды айтсам мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок, тилекке каршы ушундай иштер болуп кетти.Эми кененирээк маалымат бере кетсем: УКМК тарабынан 2022-жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып,аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым. Маалым болгондой, козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам. Бул иш менин жана Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайм. Буга чейин кандай гана кызматтарда иштесем да элим үчүн таза иштеп келем. Мындан ары да элибиз үчүн ак ниет менен чын жүрөктөн таза кызмат кылам», — деп жазды ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты