«Мен жаш болсом болгондурмун, агатай. Сүйүү да жаш болобу?». Жаш акын Гүлүмкан Исаева менен маек

«Мен жаш болсом болгондурмун, агатай. Сүйүү да жаш болобу?». Жаш акын Гүлүмкан Исаева менен маек

“Көөдөндө туйлаган талант эртеби-кечпи баары бир жарып чыгат” дейт элибизде. Айтылуу акын Алыкулдун 11 жашынан ыр курап баштаган жайы бар. Андан бери канчалаган улан-кыз бул куракта чыгармачылыктын чыйыр жолуна түштү, белгисиз. А бирок бул жолу мен өзүмдү өзгөчө сездим. Себеби, менин маңдайымда жаш акын Гүлүмкан Исаева отурган эле.

Биз 12-декабрь адабият күнүнө карата таланттуу акыныбыз менен анын чыгармачылыгы тууралуу маектештик. Анда эмесе, баяныбызды баштайлы.

Журналист болом деген кыял

Гүлүмкан Исаева 1999-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айылында  жарык дүйнөгө келген. Ал чек арага чектеш айылда балалыктын доорун сүрүп, орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде  окуган досторунун сунушу менен аталган окуу жайга тапшырган.

Каарманыбыздын айтымында, ал “журналист болом” деген кыял менен борборго келген. А бирок “Манас” университетинин кирүү сынагында аз упай алып калгандыгына байланыштуу кийин которулуп кетүүгө сөз берип, эки жылдык “Мейманкана иштетүү жана туризм” бөлүмүнө тапшырып калат. Даярдоо курсун окуп жүргөн учурда мугалимдер менен кеңешип, “Социология” адистиги боюнча билим алмай болгон Гүлүмкан быйыл дипломго ээ болду.

Ырга болгон таланттын ойгонушу

Илхам — ар акынга ар башка келет. Эргүү убакытка, мезгилге же шартка байланыштуу эмес. Ал адамдын жан дүйнөсүнө, ички сезимдерине жана маанайына көз каранды.

“Эсимде…  Мектепте окуп жүргөндө кээде ыр жазат элем. Ал кезде мен 5-6-класстын окуучусу болчумун. Жазган ырларымды мугалимдер окуп, мактап коюшканда кайра-кайра ыр жазганга шыктанчумун. Айылда  кечки тамактануудан кийин көп узабай, эрте эле  укташат элдер. Бир күнү түн ичинде жан дүйнөмдө өзгөчө ыр саптары пайда болду. А менин бөлмөм ата-энемдин бөлмөсүнө жакын болгондуктан,  жарык аларга көрүнөт болчу. Эргүү келген маалды кармап, жаралган саптарды жазып калбасаң, анда ал учурду, ал сезимдерди кайра жашай албайсың да. Ошентип, илхамды кармап калууну көздөгөн мен түнү бою уйкудан ойгонуп, жарыкты беш-алты ирет улам өчүрүп-жандырып жатып, ак кагазга ырымды түшүргөнмүн. Ал учурда сиңдим төрөлө элек, үй —бүлөдө жалгыз, эрке перзент болчумун.  Ошентип түнү менен өзүмдү кыйын ыр жазган киши сезип чыкканым эсимде.  Ата-энем азыркыга чейин ошол учурду эстеп, күлүп калышат”.

Поэзия жолунда мугалимдердин колдоосу

Жаш акын окуучулук кезинен адабиятка кызыгып, бирок айылдагы жетишсиздиктен улам китепке болгон моокуму канбагандыгын айтат. Ошондой болсо дагы мугалимдеринин колдоосу аркылуу анын ырга болгон шыгы өчкөн эмес.

«Мектепте адабият сабагына үзгүлтүксүз катышат элем. Анткени, мугалимдер менин ыр жазуума, кээде башка тилдерге которгонума колдоо көрсөтүп, дем беришчү. Биздин айыл четки айылда жайгашкандыктан адабият китептери жетишсиз болчу. Эзелки коммунистик системаны даңктап, Ленинди мактаган эмгектер көп эле. 10-11-класста жазган ырларымды Лейлек райондук “Ата-Журт” газетасынын редактору,  акын Абдилат Дооров окуп калыптыр. Бир күнү агай мени чакырып, “ырларды жакшы жазат экенсиң, ушул бойдон токтоп калбастан өзүңдү өнүктүрүү үчүн башка акындарды да  окушуң керек”, — деди. Агайдын айтуусу аркылуу Сагын Акматбекова, Табылды Муканов, Рамис Рыскулов сыяктуу акындардын чыгармачылыгы менен тааныша баштадым. Айылда өзбек улутундагы кыздар менен бирге ойноп чоңойгондуктан өзбек тилинде эркин сүйлөйт элем. Мунун натыйжасында өзбек поэзиясын да жакшы көрүп окууга өттүм«.

Алгачкы китептин басылуусуна жол ачкан  сынак

Азыркы тапта Эгемберди Эрматов атындагы сыйлыктын лауреаты, Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган конкурстун баш байге жана “Жазуучулар Союзунун” Ардак грамотасынын ээси болгон жаш акын ийгиликтеринин башаты тууралуу жүзүндөгү жылмаюу менен төмөндөгүлөрдү эскерди:

«Мен шаарга келгенге чейин конкурстар тууралуу билчү эмесмин. 11-классымда Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жүргөн учурумда Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан уюштурулган “Дүбүрт” аттуу конкурска  Абдилат Дооров агайдын сунушу менен катышып калдым. Республикалык деңгээлдеги бул конкурска 35 жашка чейинки акындар катышкан. Бир күнү агай “жазган ырларыңдын баарын алып келип бер” деди.  Флешкага салып алып барып бердим. Калган конкурстун талаптарына жооп бергидей «кагаз иштерин» агай өзү бүтүрүптүр. Негизи конкурстун жеңүүчүлөрүнүн китеби чыкмак экен. Бирок бул туурулуу эч кандай маалыматым жок болчу. Күндөрдүн биринде  мага бирөө чалып: “Гүлүмкансызбы?” деп сурады,  “Ооба” десем, “Сиз Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан уюштурулган конкурстун жеңүүчүсү болуп табылдыңыз. Эми ырларыңыз китеп болуп басылып чыгат” дешти. Аябай сүйүндүм. Ошентип 2018-жылдын 6-мартында өзгөчө толкундануу менен алгачкы китебимди алганы баргам. Китептин чыгышы өзүнчө кызыктуу болду эле. Эми барып аны алып келүү өзүнчө кызык болду. Көп китеп беришсе керек деп, досумду да жаныма алып алгам. “Такси менен алып келбесек, өзүбүз көтөрө албайбыз го” деген ойдогу курбум экөөбүзгө кичинекей китептен 50 даана беришти. Аны көрүп таң калганбыз. Анткени, биз оюбузда бир машина китеп берет дегенбиз да (күлүп). Көрсө, келишимде “басылып чыккан китептин он пайызын гана ала аласыз” деп жазылган экен. Ушул окуя эч эсимден кетпейт. “Жанжарык” деп аталган ал китебим 500 нуска менен  басылган«.

«Ырды сезип которгондо гана максатыңа жетесиң«

Гүлүмкан Исаева ыр жазуудан тышкары, башка акындардын ырларын да которот. Бул өнөрү тууралуу ал төмөнкүлөргө токтолду:

 “Которуу, албетте, оор. Аны сен жөн  эле которуп койгонго акың жок. Которуу ишинде жеке өзүңдүн жоопкерчилигиңди гана сезбестен, башка бир автордун кадыр-баркын, сезимдерин да моюнуңа аласың. Ырды которгондо  ошол автордун деңгээлинде, же болбосо андан ашып түшүшүң керек. Өзуң жазууга караганда которуу бир топ жоопкерчиликтүү иш десем жаңылышпайм. “Котормо май куюп турат моторго” деп айтышат. Улам окуп, улам жаңы нерсени көрүп, башка адабияттарды окуганда,  аны туурап албастан кайрадан иштеп чыгышың керек. Кээде сен айта албаган ички сезимдерди  башка автор  так-таасын жазып коет. Ошол үчүн сенин сезимдериңе төп келген ырларды өзүң жашагансып которосуң. Ырларды жасап эмес, түпкүрүн туя билип которгондо гана максатыңа жетесиң деп ойлойм. Мен профессионал котормочу эмесмин. Жөн гана маанайыма жараша, жан дүйнөмө дал келген ырларды окуп калганымда которомун. “Манаска” келген учурдан тартып түрк адабиятына болгон кызыгуум ойгонду. Мисалы, Назим Хикметтин “Таарынуу” деген ырын жактырып калып, которгом«.

***

Билесиңби таарынуу не?

Таарынуу бул- чынчылдык,

балалык.

Жалганы жок тазалык!

Таарынуу бул – “Сени сүйөм”,

“Баш тартпадым” дегендик.

Таарынуу – наз

Сени жакын көргөндүк.

Мен да сага таарындым!..

***

Таарынганым ачуум дагы, кечирүүм.

Кетпегеним,

Кете албаган чечимим.

Өзүң түшүн мага кымбатсың баарынан.

Мен да сага таарынгам…

“Көп оңдолгон ыр күчүн жогото баштайт”

“Көп окуган сайын таасирленип, башка акындардын стилинде жазып калуу табигый эле көрүнүш болгондуктан, чыгармачылыкта өзүңдү табуу кыйын. Ал эми жазылган ырдын үстүнөн кайра-кайра иштеп, өзгөртө берсең, акылга салынган ырга айланат” деген акын поэзия дүйнөсүндөгү өзгөчөлүктөрү тууралуу мындай дейт:

«Ар бир чыгармачыл инсан чыгармачылыкка өзүнүн стили менен келет. Башкалардын айтуусунда, мен ыр айдыңына өз ыкмам менен келиптирмин. Бирок ал кандай ыкма экенин чынын айтсам, өзүм да билбейм (күлүп). Болгону, мен ырларымды баштан-аяк оңдобойм. Себеби оңдогон сайын ырдагы эмоция, сезим  жоголуп, акылга салынган ыр болуп калат. Ырдын уйкаштыгын жаратам деп анын ички мазмунун өлтүрүп алышың мүмкүн. Менде тескерисинче, бир жолу кандай жазсам, ошол боюнча калтырып, стилистикалык жана грамматикалык каталарын гана оңдойм. Алгач ыр жазганда каталары көзүңө көрүнбөйт. Эки-үч күндөн кийин кайталап окуганыңда байкала баштайт«.

“Поэзия — акылдын эмес, сезимдин иши”

Чыгармачылык сапарында бир гана кыргыз поэзиясы менен чектелбестен дүйнөлүк акындардан таасирленип, эмгектерин көз жаздымында калтырбаган каарманыбыз сезимге байланыштуу ырларды жазууга басым жасайт.

«Окуган китебим болобу,  көргөн кино,  уккан музыкам болобу, баарынан дайыма таза тунук, дилдиреген сезимди издейм.  Окуган акындарымдын ырларында да издегеним ошол сезим.  Кыргыз акындарынан мен кайталап окуган акындар абдан көп, баарын санап келсем өтө узун тизме болчудай,  Сагын Акматбекова, Табылды Муканов, Рамис Рыскулов, Мадина Тураева, Роза Карагулова, Айгүл Узакова, Фатима Абдалова, Афина Бакирова, Бактыгүл Көкөтаева, Нарсулуу Гургубаева, Махабат Касеинова  Нуриза Өмүрбаева, Махабат Касеинованын (дагы көп ысымдар айтылбай калды) ырларын баалап окуйм. Дүйнөлүк адабияттан япон адабияты; Ясунари Кавабата, Харуки Мураками, Басе, Сайгенин чыгармалары жагат. Муну менен бирге орус поэзиясы Анна Ахсатова, Марина Цветаева, Белла Ахмадулинаны айта кетпесем болбойт.  Анан айрыкча, Дивани адабиятын жакшы көрөм. Мевлана Желаллиддин Руми,, Юнус Эмрени, түрк акындарынан «Гарипчилер» агымынын баштоочулары Назым Хикмет, Октай Рыфат, Орхан Велини, анан Дидем Мадактын ырларын баалайм. Поэзия — акылдын иши эмес, сезимдин иши деп билем. Анда көбүнчө сезим болуш керек. Сенин ырың окурмандардын жүрөк толкунун өзгөрткөн эмоцияны пайда кылса, поэзиянын маанилүүлүгү ошондо. Менимче, бир чыгармачыл инсан башынан өткөргөнүнө, жашап жатканына, сезгенине басым жасайт. Мисалы, мен жаш курагыма байланыштуу лирикалык жанрдагы сезим ырларына басым жасайм.  Мага ата-эне, мекен, туулган жер тууралуу ырлардын жоопкерчилиги чоңдой сезилет. Аны жеңил-желпи эле жазып койбостон, алгач мекендин кадырын жон териң менен сезип, жүрөгүңдөн өткөрүп көрүшүң керек. Мекенди кичирейтип жазып алгандан корком«.

***

Көзүм менен тең айланып кусалар,                               

Сезим үчүн жакын туруп узаган.

Жүрөгүмдүн оозун бууп келатам,

Жарты жолдон чыгып алым сураба!

***

 Элдикиндей эмес менде ашыктык,

Көзүм сүйлөп коёт катсам дилдегим.

Өзүм билбейм неге ашыктым сендеги,

Сүйүү кандай болуш керек билбедим?

***

Ишенбеген тариз бийлеп эркиңди,

Сенде күмөн сезимиңден жогору.

Мен жаш болсом болгондурмун, агатай,

Сүйүү да жаш болобу?

    ***

Даярдаган: Мехрафруз Набиева, Мээрим Талантбек кызы

                                                                                   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты