«Мен сынбайм ! Мен чыгам!» Камакка алынган блогер Ырыс Жекшеналиевдин каты жарыяланды

  • 2 года мурун

Камакка алынган блогер Ырыс Жекшеналиевдин каты жарыяланды.

«Урматуу мени колдоп , мага сарсанаа тартып жаткан мекендештерим. Сиздердин колдоонуздарды сезип, дух алып турам. Мага козголгон кылмыш иши 100 пайыз саясий негизде. Мен сынбайм ! Мен чыгам!

Апа, мен көп нерсени сизди ойлоп унчукпай жүрдүм. Өзүңүздү жакшы караңыз , баары жакшы болот. Анткени эне балага чоң таасир этет. Апа мен сени жакшы көрөм! Мен болгону 19 жаштамын . Бийлик , тапкан экенсиң оппонентти», — деп жазды ал.

Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу эски кайрылуусун “Полит Узникке” жарыялаганы себеп болгону айтылат.

«Мен сынбайм ! Мен чыгам!» Камакка алынган блогер Ырыс Жекшеналиевдин каты жарыяланды #65648
«Мен сынбайм ! Мен чыгам!» Камакка алынган блогер Ырыс Жекшеналиевдин каты жарыяланды #65648 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты