“Мен муну башка бирөөнүн эмгегин уурдоо деп эсептейм”. “Ала-Тоо 24” каналынын иликтөөсүнө медиасын

“Ала-Тоо 24” телеканалы 23-апрелде “Ататүрк паркын четинен «кесип жеген» экс-чиновниктер” деп аталган иликтөөсүн жарыялады. Иликтөө жарыялангандан кийин медиакоомчулукта нааразычылык жаралды. Анткени телеканал “иликтөө” деп жарыялаган маалыматтар Kloop медиасы жана OCCRP (Organised Crime and Corruption Reporting Project) 2019-жылы жарыялаган иликтөөсүнөн алынган. Бирок “Ала-Тоо 24” телеканалынын журналисти Исмат Ибрагим материалында ал тууралуу айткан эмес жана иликтөөгө шилтеме берген эмес. 

Социалдык тармактарда журналисттер бул автордук укукту бузуу, башка бирөөнүн эмгегин уурдоо болуп саналарын жазышкан.

Журналист Эльвира Султанмурат кызы

УТРК бет барбы? «Клооп» 2019-жылы жасаган иликтөөнү кайра иликтедик деп берип атасыңар. Бул деген «бирөөнүн эмгегин уурдоо» деп аталат. Бийлик «Клоопту» жабуу аракетин көрүп жатканда Бишкек мэрия «Клооптун» иликтөөсүнө таянып, Ататүрк паркынын мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерин кайтарам деп атат”. 

“Мен муну башка бирөөнүн эмгегин уурдоо деп эсептейм”. “Ала-Тоо 24” каналынын иликтөөсүнө медиасын

Журналист Асель Сооронбаева

УТРК уят, мындайда Kloop батышчыл, бузуку, ички душман, тыңчы болбой калат да, ээ? Кесиптештердин бир жылдык эмгегин уурдап алып, жеринен стендап тартып койсоңор эле силердин иликтөөңөр болуп калмак беле?”. 

“Мен муну башка бирөөнүн эмгегин уурдоо деп эсептейм”. “Ала-Тоо 24” каналынын иликтөөсүнө медиасын

Kloop’тун иликтөөсү жана “Ала-Тоо 24” каналынын материалы

Kloop медиасы өзүнүн иликтөөсүн 2019-жылы жарыялаган. Анда жалпы 181 участок жергиликтүү бийлик тарабынан жеке колго берилгенин, жер тилкесин алгандардын жарымына жакыны чиновниктер, ишкерлер, коомдук ишмерлер, интеллигенция жана алардын жакындары болгонун, көптөгөн жер тилкелери бекер берилип кеткенин жана берилген жердин дээрлик жарымы пайдаланылбай жатканын аныкташат. Парктын жерин алгандардын арасында ошол убактагы президент Сооронбай Жээнбеков, мурдагы депутат жана элчи Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын экс-төрагасы Медетбек Шеримкулов, экс-депутат Сайдулла Нышанов, экс-депутат Арзыбек Бурканов жана башка аткаминерлер дагы болгон. Бул маалыматтар интерактивдик карта түрүндө көрсөтүлгөн. 

Аталган иликтөө 2020-жылы Улан Эгизбаев атындагы мыкты иликтөөлөр сыйлыгында 2-орунду алган эле. 

Иликтөө жарыялангандан беш жыл өткөндөн кийин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Ататүрк» паркынын мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жерин кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын «Аймактарды кайтаруу жөнүндө» токтому менен бекитилген чектердин чегинде 107 гектар аянты менен Мустафа Кемал Ататүрк атындагы парктын чек арасын бекитүү тууралуу токтомго кол койду. 

Токтом тууралуу жаңылык чыккандан кийин “Ала-Тоо 24” телеканалы “Ататүрк паркын четинен «кесип жеген» экс-чиновниктер” деп аталган иликтөөсүн жарыялады. Иликтөөнүн өзүндө журналист маалыматтардын булагын көрсөткөн эмес. Болгону Ютубдагы сүрөттөмөгө “Иликтөө кадастрдык документтер, Kloop порталы жана OCCRP (Organised Crime and Corruption Reporting Project) колуна тийген ачык маалыматтардын негизинде жасалды” деп жазып койгон. 

Материалдын өзүндө болсо Kloop’тун сайтындагы интерактивтик картанын скриншоттору колдонулган. 

“Мен муну башка бирөөнүн эмгегин уурдоо деп эсептейм”. “Ала-Тоо 24” каналынын иликтөөсүнө медиасын
“Мен муну башка бирөөнүн эмгегин уурдоо деп эсептейм”. “Ала-Тоо 24” каналынын иликтөөсүнө медиасын
“Мен муну башка бирөөнүн эмгегин уурдоо деп эсептейм”. “Ала-Тоо 24” каналынын иликтөөсүнө медиасын

Иликтөөнүн авторлорунун бири, иликтөөчү журналист Метин Жумагулов муну башка бирөөнүн эмгегин уурдоо катары баалаганын айтты.

Ютубдагы видеонун сүрөттөмөсүнө “Иликтөө кадастрдык документтер, Kloop порталы жана OCCRP  колуна тийген ачык маалыматтардын негизинде жасалды” деп жазып койгону менен, материалдын өзүнө эч кандай шилтемелер берилген эмес. Видеонун өзүндө дагы авторлор айтылган эмес. Негизи эле “Ала-Тоо 24” өзүнүн иликтөөсүндө “эмне жаңы нерсе көрсөтө алды?” деген суроо жаралат. Видеодо болгон нерселердин баары – иллюстрациялар, интерактивдүү карта ж.б. – мен жана менин кесиптештерим таап чыккан маалыматтар. Мен муну башка бирөөнүн эмгегин таза уурдоо деп эсептейм” , — деп билдирди журналист. 

Метин Жумагулов бул иликтөөнүн үстүнөн кесиптеши менен бир жыл иштегенин жана ага көп эмгек сарпталганын дагы белгилейт: 

Документтердин белгилүү бир негизин Kloop’тун мурдагы журналисти Даниил Ляпичев чогулткан, кыязы, 2017-2018-жылдары. 2019-жылы мен жана кесиптешим Александра Ли OCCRP’де тажрыйба алмашып жатканда ушул теманы редакторлордун жардамы менен жасап бүтүрдүк. Иликтөө парктын көйгөйүн толук көрсөтө алды. Анан иликтөөнү даярдоого бир жылдай убакыт кетти, бирок бул жерде биз ал кезде тажрыйбасыз болгонубузду жана биз үчүн көп нерсе жаңы болгонун эске алышыбыз керек. Азыркы деңгээлде биз материалды эки-үч айда бүтүрүп салмакпыз. Ушунчалык көп маалыматтарды талдоодо жана иштеп чыгууда кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо керек — ар кандай каталарды болтурбоо үчүн бардыгын дайыма эки жолу текшерип туруу керек болчу жана, албетте, көп адамдар менен сүйлөштүк — ​​жергиликтүү тургундар менен, активисттер менен, ошондой эле парктагы жердин баштапкы ээлери менен”.

“Ала-Тоо 24” каналына жарыяланган иликтөөнүн автору Исмат Ибрагим маалыматтардын булагы Ютубдагы сүрөттөмөдө көрсөтүлгөнүн билдирди.

Маалыматтын булагы иликтөөнүн сүрөттөмөсүндө көрсөтүлүп турат. Видеодо ким кандай берет өзү чечет да”, — деди журналист. 

Автордук укук жана журналисттердин жоопкерчилиги

Кыргыз Ресрубликасынын журналисттеринин этикалык кодексинин 21-беренесинде “Журналисттин плагиаттык кылууга жана маалымат колдонуучуларды кандайдыр бир башка жол менен адаштырууга акысы жок. Бирөөнүн жазма же оозеки материалдарын колдонгондо сөзсүз түрдө алынган булакка шилтеме жасоо керек” деп жазылган. Демек, “Ала-Тоо 24” каналы бул беренени бузуп жатат. Анткени ал өз материалында Kloop медиасынын маалыматтарын, скриншотторун алып, бирок булагы катары иликтөөсүн көрсөткөн эмес. 

Мындан сырткары, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 16-беренеси да бузулуп жатат. Анда “Журналисттик, адабият, искусство жана илимий чыгармаларды массалык маалымат каражаты тарабынан пайдаланууга автордук укукту сактоо менен жол берилет” деп жазылган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты