Мелис Аспеков 27-ноябрга чейин камакта калтырылды

  • 10 месяцев мурун

Мелис Аспеков 27-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин өтүнүчү канааттандырылып Асеков 27-ноябрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Быйыл ал президенттин ырайы менен эркиндикке бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты