Мектептерге бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген окуучу кармалды

  • 12 месяцев мурун

Коюлган бомбалар тууралуу жалган маалымат тараткан автор аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын биринчи жарымында коомчулукта резонанс жараткан бомбалар тууралуу бир нече жалган маалыматтарга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Натыйжада, 28-29-март күндөрү борбор калаадагы мектептердин бирине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу бир нече жолу кабарлаган “телефон террористи” аныкталды. Ал мектептердин биринин 9-классынын жашы жете элек окуучусу А.А.А. болуп чыкты. Шектүү бейбаштык кылып Бишкек шаарынын гимназия мектебинин электрондук дарегине “[email protected]” фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн.

А.А.А. окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видеооюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан көрсөтүлгөн мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды.

Шектүү жашаган жерде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү.

Ата-энесинин катышуусунда жүргүзүлгөн сурак учурунда А.А.А. эки жолу жалган билдирүү жөнөткөнүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөөрүн айтты.

Учурда Бишкек шаарындагы башка коюлган бомбалар тууралуу анонимдүү маалыматтардын ушул сыяктуу фактыларына А.А.А.нын тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

УКМК мындай аракеттер КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо — бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалана турганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты