Мектептерде кышкы каникул 16-январга чейин узартылды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 16-январга чейин узартылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновго шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, министр ортодогу үч күнгө онлайн окуу киргизүү натыйжа бербей турганын белгилеп, кышкы каникулга кошулган бул күндөр балдарга кийин окутуларын айткан.

30-декабрда башталган кышкы каникул 10-январда аяктап, окуу 11-январда уланмак.

Бирок 11-январдан тартып Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көп жаап, аба сууктай турганына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, каникул мөөнөтүн узартууну сунуш кылган.

Кыргызгидрометеорология агенттиги 9-январдан тарта бир апта бою Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөй турганын, сууктун күчү -20… -38 градуска чейин жетерин эскертип жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты