Мектептерде акыркы коңгуроо кагылды

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 29-майда Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо иш-чарасы өттү. Салтанаттуу иш-чаралар эртең мененки саат 9:00дө башталды. Маалыматка ылайык, акча чогултууга, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштурууга, окуучулардын унаа башкаруусуна жол берилбейт.

“Балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз” -деди Агартуу министрилиги. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2025/2026-окуу жылында республика боюнча:
11-классты 80 миң 829 окуучу, ал эми 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрүп жатат.

Бүтүрүүчүлөр үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-июндан башталат. Ал эми аттестаттарды тапшыруу 26-июнга болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты