Мектепке электрондук каттоо: Ата-энелердин арыздары кабыл алынууда

  • 2 года мурун

15-августтан тарта Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган министирлик Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте баласын 1-класска каттоого жетишпей калган жана  каттоо учурунда көйгөй жаралган ата-энелерге көмөк көргөзүү үчүн атайын топ түзгөн.

Комиссиялык топ ата-энелерден келген арыздарды карап чыгып, тиешелүү микроучастогу боюнча катталуусуна байланышкан маалымат менен камсыз кылат. 

Ата-энелер иш күндөрү  тиешелүү микроучастогу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө келип, арызын калтыра алат.

Белгилей кетсек, Арыздарды кабыл алуу эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты