Мектеп окуучуларынын сабак учурунда уюлдук телефон колдонуусуна тыюу салынат

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонуусуна тыюу салган буйрукту бекитти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, окуучулар уюлдук байланыш каражаттарын төмөнкү шартта гана колдоно алат:

— Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;

— Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;

— Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;

— Маалымат издөө үчүн QR-коддорду окууда;

— Электрондук күндөлүктү колдонууда;Атайын шаймандар жана техника менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонууга болот.

Мындай зарылчылык болбогон учурда телефондорду колдонууга тыюу салынат. Окуучуларга мектепке кирердин алдында телефонду «үнсүз режимге» коюу сунушталат. Министрлик балдардын ден соолугун сактоо жана билимдин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунуштап жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты