Мектеп ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери республикалык компетенттүүлүк борборунда окутулат

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директорунун орун басары Хильке Дэвид менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министирликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен республикалык компетенттүүлүк борборун уюштуруу чечимин кабыл алышкан. Анда мектеп ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери меню түзүүгө жана калорияларды эсептөөгө, жаңы технологиялар боюнча тамак даярдоого окутулат.

Белгилей кетсек, борбор И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ачылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты