«Мефедрон” психотроптук затын сатууга шектелген жаран кармалды

  • 1 год мурун

1 килограммдан ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенгенге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2001-жылы туулган А.Р. жаран кармалган, ал ар бири 0,5 литрден турган, төрт желим бөтөлкө түрүндө салынган «мефедрон» психотроптук затын жашырылган жерден алган. Алынган психотроптук заттардын таза салмагы 1 килограмм 194 грамм түзгөн. Психикага таасир этүүчү баңгизаттарды сакталган жайдан алып, шектүү А.Р. кара түстөгү “BMW” үлгүсүндүгү унаага жашынууга аракет кылган, бирок ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана ушул өлчөмдөгү психотроптук заттарды сатууда А.Р. жарандын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 6 миллион 567 миң сомду түзүшү мүмкүн эле, ошондой эле көрүлгөн чаралар менен 7164 бир жолку дозадан ашык синтетикалык баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө түшүүсүнө бөгөт коюлду.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Бишкектин №1 тергөө изоляторуна киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө аракеттери жана изин суутпай издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты