Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекеме кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчы белгилегендей, жарлыкка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тартып, дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат.

Садыр Жапаров мисал катары буларды келтирди: мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат. 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат. Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.

Президент алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгиледи.

Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө салыштырмалуу бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миң адамга 17,5 пайыз дарыгерлер туура келерин билдирди. Ушуга байланыштуу эмгек акы төлөө системасын жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 1-июлунан баштап биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүүдө: Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 000 сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр каралууда. 2024-жылдын 1-июлунан тартып кошумча каражаттарга керектөө 380,9 млн. сомду түзөт. Жылдык керектөөсү 761,8 млн сомду түзөт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты