Медицина багытында билим алган чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын төмөнкү чеги белгиленди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинети өлкөдөгү жогорку окуу жайларда медицина багытытында билим алган чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын төмөнкү чегин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында айтылат.

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинети 12-августтагы жыйынында өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн мындан ары окуу акысынын төмөнкү чеги 3000 АКШ доллар болот.

Маалыматта мындай чечим атаандаштыкты өнүктүрүү гана коргоо, алыскы чет өлкөдөн келген жарандарга сунушталчу билим берүү кызматтарына негиздүү тарифти коюу максатында кабыл алынганы айтылат.

Ошондой эле бул сапаттуу билим берүү процессин каржылоону камсыздап, медициналык окуу жайларга клиникалык базасын түзүүгө жана жаңылоого, окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөрү жазылган.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кырызстанда медициналык жаатта жогорку билим берген 23 окуу жай бар. 2021-22 окуу жылында медициналык багытта 39 851 студент билим алса, анын 24 миңден ашуунун чет өлкөлүк түзгөн. Кыргызстанда медициналык билим алган билим алгандардын басымдуу бөлүгү — Пакистан, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты