Медиасын: Sayasat.kg’нин Болот Темиров тууралуу материалындагы манипуляция жана журналисттик этиканын бузулушу

Sayasat.kg сайтына иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу “Болот Темиров президент менен УКМК төрагасын сотко бергени үчүн батыштан канча акча алат” деген материал жарыяланды.

“ПолитКлиника” медиасы бул материалда манипуляция ыкмасы, адамдын кадыр-баркына шек келтирүүчү, каралоочу сөздөр колдонулганын, журналисттик этика бузулганын аныктап чыкты.  

Медиасын: Sayasat.kg'нин Болот Темиров тууралуу материалындагы манипуляция жана журналисттик этиканын бузулушу

Материалдын баш темасы эле журналисттик этиканын үч беренесине каршы келет

Sayasat.kg сайтынын материалы “Болот Темиров президент менен УКМК төрагасын сотко бергени үчүн батыштан канча акча алат?” деп аталат. Бул баш тема Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексинин 8-9-10-беренелерине каршы келет. 

Бул материалдын аталышы менен “Болот Темиров президент менен УКМК төрагасын сотко бергени үчүн батыштан канча акча алат?” деген суроо салынган. Бирок текстин ичинде суроого жооп бербей эле манипуляциянын техникалары менен бир тараптуу каралоо болгон. 

8-берене боюнча журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек.

9-беренеде баш темаларды редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбей турганы жазылган.

Ал эми 10-беренеде фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл деп көрсөтүлгөн. 

Материалдын аталышы эле Журналисттердин этикалык кодексинин үч беренесин бузган. 

Анда божомол, бир тараптуу каралоо, манипуляция колдонулган

Материалда автор өзүнүн божомол пикирин жазган. Анда автор “Ал башына үйүлгөн балээнин баарына президент менен УКМК төрагасын айыптап, шектелген тагылган айыптардын баарын бийликтин калпы жана калпы жана жалаасы деген. Сотко алардын үстүнөн арыз берип, “айткан сөзүн артка алдырууга”, түшүндүрүп айтканда, “Темиров суудан таза, жөн жүрсө эле жалган жалаа жаап коюптурбуз” деп айттырууга аргасыз кылат экен” деп жазган.  Бул жерде Журналисттердин этикалык кодексинин 10-беренеси бузулган.

10-берене боюнча, фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Ошону менен катар эле материалдан  “Америаканын, кийин Орусиянын кызыкчылыгына иштеген”,  “бир эле убакта эки өлкөнүн ортосуна бири-бирине тыңчылык милдетин аткарып берген”, “андай эмгеги үчүн эки жактан тең акча алып турганы маалымат каражаттарында жазылган”, “акчаны бийик койгон адамга башка баалуулуктар жокко эсе”, “жасалма патриот”, “мекенинин кызыкчылыгын акчага алмаштырган жасалма патриоттон баарын күтүүгө болот”  деген сөздөрдү көрүүгө болот. Мында манипуляция ыкмасы, адамдын кадыр-баркына шек келтирүүчү, каралоочу сөздөр колдонулганын көрүүгө болот. Автор бул жерде Болот Темировду түз айыптап, өзүнүн жеке оюн факты катары берип жатат. 

Бул сөздөр дагы этикалык кодекстин 9 жана 10-беренесине каршы келет. 

Бул материалда пропаганданын бир топ техникасы колдонулган:

— Ярлыктарды илүү — коомдо калыптанып калган белгилүү ярлыктарды илүү — “Батыштан акча алган”, “Батыштын тыңчысы”, “жасалма патриот” жана башка.

— Тандалма чындык — өзүнүн пайдасындагы гана маалымтты берип, калганын тыйып коет. Мисалы, бул материалда Болот Темировго козголгон кылмыш иштер тууратуу манипулятивдүү формада берип, кылмыш иштердин аркасында турган жагдайларды, мыйзам бузууларды жазган эмес. 

— Калп — фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү.

Sayasat.kg сайтынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы

Сайттын доменин текшерип көрсөк, Анаркулов Нургазы Сеитказыевичге таандык болуп чыкты. 

Медиасын: Sayasat.kg'нин Болот Темиров тууралуу материалындагы манипуляция жана журналисттик этиканын бузулушу

Нургазы Анаркулов 2020-жылдын октябрынан тарта 2021-жылдын февраль айына чейин президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган.  Ошондой эле 2020-жылы парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев жетектеген “Мекенчил” партиясы менен талапкер болгон. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу дагы Камчыбек Ташиевди колдогон билдирүүлөрдү бөлүшүп турат

Сайттын контентин карап көрсөк, саясат, экономика жана коом деген рубрикалары бар. Жаңылыктар дагы чыгып турат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу пропаганданын техникалары колдонулган материалдар жарыяланат.

Медиасын: Sayasat.kg'нин Болот Темиров тууралуу материалындагы манипуляция жана журналисттик этиканын бузулушу
Медиасын: Sayasat.kg'нин Болот Темиров тууралуу материалындагы манипуляция жана журналисттик этиканын бузулушу
Медиасын: Sayasat.kg'нин Болот Темиров тууралуу материалындагы манипуляция жана журналисттик этиканын бузулушу
Медиасын: Sayasat.kg'нин Болот Темиров тууралуу материалындагы манипуляция жана журналисттик этиканын бузулушу
Медиасын: Sayasat.kg'нин Болот Темиров тууралуу материалындагы манипуляция жана журналисттик этиканын бузулушу

Бул материалдарда пропаганданын “авторитеттин пикири” катары көрсөткөн ыкмасы колдонулган.  Башкача айтканда, кимдин таламында пропаганда жүргүзүлүп жатса, ошонун позитивдүү имиджин калыптандыруу үчүн “авторитеттер” пайдаланылат. 

Болот Темиров жана Камчыбек Ташиев

Иликтөөчү журналист Болот Темиров 2022-жылдын 20 январында “Кантип эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы” деген иликтөөсүн чыгарган. Иликтөө чыккандан эки күндөн кийин Бишкекте баңгизатка каршы милициянын чуулгандуу рейди башталган. Болот Темировдун командасы иштеген кеңсе баскынга алынып, Темировдун чөнтөгүнөн баңгизат салынган целлофан баштык чыккан.

Темиров милиция алып кетип бара жатканда: «Чөнтөгүмө салып коюшту!»- деп кыйкырууга үлгүргөн.

Экспертиза учурунда Темировдун канынын анализинен баңгизат аныкталган эмес. Бул боюнча журналисттер тарабынан иликтөө жасалган

28-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Боло Темировду актоо өкүмүн чыгарган. Сот Болот Темировдун ишиндеги бир гана эпизод — 379-берене боюнча күмөн бар деп тапкан. Бирок 23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин чыгарды.

Жыйынтык: Sayasat.kg сайтындагы иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу “Болот Темиров президент менен УКМК төрагасын сотко бергени үчүн батыштан канча акча алат” деген материалында пропаганданын, манипуляциянын техникалары колдонулуп, Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси бузулган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты