Медиасын: Облустук медиаборборлор УТРКнын карамагына өттү

3-августта президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине облустук телерадиокомпанияларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүнөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өткөрүп берүүнү тапшырды

Сөз мындан үч жыл мурун Маданият министрлиги облустук телерадиокомпаниялардын базасында түзгөн Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустук медиаборборлору  жөнүндө болуп жатат.

Президенттин бул мекемелерди УТРКнын карамагына өткөрүү жөнүндөгү жарлыгында мындай чечим корпорациянын жана мамлекеттик башка телерадиоберүү түзүмдөрүн өлкөнүн жарандарынын объективдүү жана ар тараптуу маалыматка болгон муктаждыктарын мындан ары канааттандыруу боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Маданият министрлигинин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов жогорудагы алты телерадиокомпания 2019-жылга чейин КТРКнын курамында болгонун, 2019-жылы Маданият министрлигинин түзүмүнө өткөрүлгөнүн айтып, бүгүнкү күндө ошол эле курам менен кайра УТРКнын карамагына өтүп жатканын билдирди. Ал эми кеңсеси Ош шаарында жайгашкан “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын макамы “коомдук-регионалдык” болгондуктан корпорациянын курамына кошулбаганын айтты. Аталган телерадиокомпания Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында иш алып барат.

Ушул жылдын апрелинде өлкө башчысы “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен КТРКнын “коомдук” макамы “улуттук” болуп өзгөрдү.

2011-жылы КТРК “коомдук” макамын алганда бийлик корпорация ишмердүүлүгүн нейтралдуу жүргүзүшү үчүн шарт түзүүнү пландаганын билдирген эле. Корпорациянын редакциялык саясатын көзөмөлдөө үчүн Байкоочу кеңеш түзүлгөн. Бирок 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин КТРКда реформа жүргүзүү зарылдыгы тууралуу талкуулар башталды. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы басма сөз жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңеши алдына коюлган милдеттерин аткарбай жатканын билдирген.  

Жогорку Кеңеш УТРК жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатканда мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон Маданият министрлигинин жетекчиси Азамат Жаманкулов КТРКга ыйгарылган “коомдук” макамы өзүн актабаганын, ошондуктан мамлекеттик идеологияны жана баалуулуктарды жайылтуучу күчтүү мамлекеттик каналды түзүүнү көздөп жатышканын айткан.

Медиакоомчулуктун каршылыгына карабай бул мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, корпорациянын жогорку башкаруу органы болгон Байкоочу кеңеш жоюлду. КТРКнын башкы директорун дайындоо укугу президенттин колуна өттү. Башкы директор өз кезегинде жыл сайын президентке корпорациянын ишмердүүлүгү тууралуу отчет бере турган болду.

Бул жагдайда облустук телерадиокомпанияларды УТРКнын карамагына өткөрүү канчалык туура чечим болгону боюнча журналисттердин жана медиаэксперттердин пикирин сурадык.

Облустук медиаборлорлорго үмүт берген жарлык 

Медиасын: Облустук медиаборборлор УТРКнын карамагына өттү

Президенттин сөз болуп жаткан жарлыгында өкмөткө УТРКнын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана корпорацияны техникалык модернизациялоодон өткөрүү үчүн каражат бөлүп берүү тапшырмасы берилгени жазылган.

Нарын облустук медиаборборунун башкы директору Каныкей Жунусова мындан улам аларда УТРКнын карамагына өтүшсө, материалдык-техникалык базасы оңолуп, жаңы техникалар менен камсыздалабыз деген үмүт пайда болгонун айтат.

Ал УТРКнын курамына кошулуу менен облустук телерадиокомпаниялардын статусу жогорулайт деген пикирде:

“Азыр биз даярдаган мыкты материалдар, элдин көйгөйү облус ичинде эле калып жатат. Эми УТРКдан бизге да эфир берилсе, бардык материалдарыбыз республикага  чыгат”.

Анткен менен бул чечимдин облустук медиаборбордун кызматкерлерин кооптондурган жагы да бар.

“Бир гана маселе: олуттуу кыскартууга туш болбосок экен деп турабыз. Мисалы, Нарын облустук медиаборборунун теле тармагында эмгектенгендердин 90 пайызы жаштар. Алар ушул убакка чейин жакшы жашоо, көп акча издеп кетпей, аймакта аз айлыкка, материалдык-техникалык базабыздын начардыгына карабай эмгектенип келишти. Эми айлык көтөрүлгөндө кыскарууга туш болуп калбайбызбы деп кооптонуп турушат”, — деди Жунусова.

Жеке менчик сектор эмне дейт?

НТС телерадиокомпаниясынын башкы директору Миржан Балыбаев облустук телерадиокомпанияларды Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өткөрүү туура чечим деп эсептейт. 

“Бул эми автоматтык түрдө облустук телерадиокомпанияларды УТРК аркылуу каржылоо дегенди түшүндүрөт да. Мындан каражат үнөмдөлөбү-үнөмдөлбөйбү, аны айты албайм. Бирок уюштуруучулук жагынан бул оптималдуу, туура чечим болду деп ойлойм. Мамлекеттик телеканалдар боюнча кеңирирээк карай турган башка маселе бар — мамлекеттин карамагындагы улутташтырылган каналдардын саны өтө эле көп. Алар көп чыгым талап кылат. Үч жыл мурун эсептегенибизде мамлекеттик каналдарды каржылоого 1 миллиард сомго чейин каражат кетчү. Аларды багып отурганда деле мамлекеттин маалыматтык саясаты күчтөнүп, өркүндөп-өсүп кеткен жок.  Ошондуктан сандан сапатка өтүп, мамлекеттик каналдардын санын оптималдаштырыш керек деп эсептейм”, — деген пикирин билдирди Миржан Балыбаев. 

Ал эми президенттин УТРКнын ишмердүүлүгүндөгү таасири боюнча мурдатан иш жүзүндө болуп келген нерсе эми мыйзамдаштырылганын айтты:

“Биз бир фактыны моюнга алышыбыз керек, Кыргызстанда эч качан коомдук телеканал болгон эмес; аты болгон, заты болгон эмес. Анын үстүнө азыркы бийлик башында эле бардыгы борборлоштурулат, баарын президент башкарат деп айтпады беле. Азыр баары ошол саясат менен кетип жатат. Бул кээ бирөөнө жакпашы мүмкүн, артка кетүү деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул көп жылдан бери иш жүзүндө болуп келген нерсени мыйзамдаштыруу гана болду. Чындыгында, эч нерсе өзгөргөн жок”.

Миржан Балыбаев мамлекеттик телеканалдын бийликке лоялдуу болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт. Анын пикиринде, телеканалды мамлекет каржыласа, анын ишмердүүлүгү ошол учурдагы өкмөттүн, бийликтин позитивдүү имиджин жаратууга багытталат.

“Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт”

“Медиа Полиси Институту” уюмунун медиаэксперти Надежда Алишева облустук телерадиокомпанияларды УТРКнын карамагына өткөрүү аларды мамлекеттин бир чөнтөгүнөн алып, экинчи чөнтөгүнө салуу гана экенин, мындан эч кандай айырма көрбөгөнүн айтты. 

Медиаэксперттин пикиринде, коомдук каналды жоюп, анын базасында мамлекеттик медиа холдинг түзүү мамлекеттин үнүн дагы да күчтөндүрүү боюнча жүрүп жаткан кезектеги кампания. 

“Медиа Полиси Институту” мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын мынчалык көп санда болушуна каршы. Бул республикалык бюджет үчүн жүк. Биз, “Медиа Полиси Институту” мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынан сатуу же мамлекеттен ажыратуу жолу менен арылуу керек деп айтып келгенбиз жана айта беребиз. Биз коомдук каналды жоюп, анын базасында мамлекеттик медиа холдинг түзүүгө караманча каршы болгонбуз. Бул мамлекеттин үнүн дагы да бекемдөө боюнча жүрүп жаткан кезектеги кампания. Коомдук телерадиоберүүнү жок кылуу менен Кыргызстан өз ыктыяры менен кабыл алган эл аралык милдеттенмелерди бузду. Биз мамлекеттик бийликти, элдик бийликтин жүзү катары Жогорку Кеңешти УТРК жөнүндө мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөдүк. Бирок бизди эч ким уккусу келген жок. Мына эми андан эмне чыкты?”, — деди медиаэксперт.

Ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык, 2021-жылы облустук телерадиокомпанияларды каржылоого республикалык бюджеттен 64 млн сом сарпталган. 

Ал эми КТРКга 386 млн 804 миң сом бөлүнгөн. Корпорациянын кирешеси 43 млн 579 миң сомду түзгөн.

Улуттук телерадиоберүү корпорациянын курамына учурда “КТРК”, КТРК Музыка”, , «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт», «Ала-Тоо 24» каналдары кирет. Мындан тышкары, корпорациянын түзүмүндө “Кыргыз радиосу” бар. Анын курамында «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял», «Достук» жана «Балдар FM» радиолору иш алып барат.

Автор: Чынаргүл Жумабекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты