Медиакыздар Академиясы — Кыргызстандагы кыздар үчүн долбоор

  • 1 год мурун

«Медиа Кыздар Академиясы» долбоору UNDEF тарабынан каржыланган 2 жылдык IDEA CA’ нын демилгеси. Долбоор жаш кыздардын өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө жана маалымат мейкиндигинде Кыргызстандагы аялдардын актуалдуу маселелери боюнча кыргыз тилиндеги коомдук дискурсту калыптандырууга багытталган.

Медиакыздар Академиясы - Кыргызстандагы кыздар үчүн долбоор

Долбоордун алкагында ар кандай темадагы бир катар онлайн курстарды камтыган билим берүү порталы түзүлдү, анын ичинде контентти жаратуу темасы да болгон.

Кыргызстандын бардык аймактарынан 14-65 жаштагы 250дөн ашык кыз онлайн курстарды аяктады. Тренингден өткөндөрдүн ичинен 63 кыз долбоорго катышууну улантуу үчүн тандалып алынган.

12 айга созулган тренингден жана медиа материалдарды даярдоодон жана басып чыгаруудан кийин, MEDIA STARTUP BOOTCAMP программасында социалдык медиа ишканаларын жана аялдардын ишкердигин андан ары өнүктүрүү үчүн 63 кыздын ичинен жети багыттан 28 катышуучу тандалып алынган. Тренингдин үч күнүндө катышуучулар ишкердиктин негиздерин үйрөнүшөт. 4-апрелде алар өздөрүнүн бизнес-идеяларын коргошот, мыкты идеялар IDEA CA жана UNDEF тарабынан каржылык колдоо алышат.

Медиакыздар Академиясы - Кыргызстандагы кыздар үчүн долбоор

MEDIA STARTUP BOOTCAMP 2-апрелден 4-апрелге чейин Бишкекте өтөт.

Мындан тышкары, Кыргызстанда болуп өткөн бардык окуяларды эстеп, өлкөдөгү ар бир кырдаал аялдардын негизги укуктарына жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнө кандай чоң таасирин тийгизерин эстеп. Айрыкча, IDEA Борбордук Азиянын бардык күчтөрү Баткен облусунда оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан кыздарды жана аялдарды колдоого багытталган. Алардын арасында жакын адамын, үй-жайын, туруктуулук жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрдү жоготуу көйгөйлөр бар. «Баткенге Кат» каттарынын марафонун баштоо түрүндө колдоо көрсөтүлө баштады, ал MEDIA STARTUP BOOTCAMP’ тан кийин Баткен облусуна жөнөтүлөт. Марафондун алкагында бизге өлкөнүн 6 облусунан кат келип түштү.

Медиакыздар Академиясы - Кыргызстандагы кыздар үчүн долбоор

IDEA CA жаштарды Кыргызстанда жана бүтүндөй Борбор Азияда өз идеяларын ишке ашырууга үйрөтүүчү жана шыктандырган алдыңкы жаштар уюму.

IDEA CA тууралуу маалымат https://ideaca.today/ru сайтында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты