«МедиаКоон: Эркиндик үчүн» — саясат жана жарандык активизм, теңдүүлүк жана сергек жашоо образы жөнүндө контент тууралуу форуму

  • 2 года мурун

26-октябрда «МедиаКоон: Эркиндик үчүн» — саясат жана жарандык активизм, теңдүүлүк жана сергек жашоо образы жөнүндө контент тууралуу форуму Бишкекте өтөт.

Иш-чарада Кыргызстан жана Борбордук Азиялык контент жаратуучулар куралдуу кагылышуу, журналисттик иликтөө, протесттик музыка, жарандык журналистика, активдүүлүк жана уникалдуу социалдык долбоорлор сыяктуу чөйрөлөрдө контентти түзүү жана жайылтуу тууралуу талкуулашат.

МедиаКоон: Эркиндик үчүн — баштапкы булактан контент түзүү жөнүндө уникалдуу билим ала турган жер.

Иш-чара бир убакта 4 параллелдүү секцияда өтмөкчү:

Дискуссия аянтчасы (башкы сцена)

Көргөзмө аянтчасы (фото, иллюстрации жана арт-объекттер)

Видео жана сүрөт тартуу студиясы (өзүнчө бөлмө)

Подкастинг студиясы (өзүнчө бөлмө)

Катышуучулардын ыңгайлуулугу үчүн региондордон трансфер жана иш-чара убагында тамактануу уюштурулат.

Катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу каттоодон өтүү керек. Жаңылыктар жана иш-чаранын программасы — долбоордун Instagram баракчасында берилет.

«МедиаКоон: Эркиндик үчүн» форуму — «Медиажаса» долбоорунун акыркы этабы.

«Медиажаса» — жарандык баалуулуктар жана эркиндиктер боюнча дискурс түзүүгө багытталган мультимедиялык демилгелерди колдойт. Аталган долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен IDEA Central Asia тарабынан ишке ашырылууда.

Суроолор боюнча долбоордун координатор айымы Саида Нуралиевага кайрылыңыз:

+996 779 696 995, [email protected].

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты