Медиа жана жарандык коом прокуратуранын «Клоопту» жоюу арызы боюнча кайрылуу жасашты

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандын медиа жана жарандык коому Бишкек шаарынын прокуратурасынын «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу доо арызы боюнча кайрылуу жасашты.

Бишкек шаардык прокуратура Kloop басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылган.

Документте “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискретизациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтары басымдуулук кылары” айтылган.

Кайрылууда прокуратуранын көз карандысыз, белгилүү басылманы жабуу демилгеси “Клооп Медианын” Кыргызстандагы «Барселона» футбол клубунун франшизасын ачууда жогорку кызматтагы аткаминерлердин жакындарынын жана туугандарынын катышы бар экендиги жөнүндө иликтөө жарыялагандан кийин пайда болгону дароо көзгө урунары жазылган.

«Өз доо арызында шаардык прокуратура “Клооп Медианы” “саясий кырдаалга алдын ала баа бербей, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой, Баткен облусундагы көйгөйлөрдү чагылдырып жатып”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн чек арага жакын аймактын социалдык жана экономикалык абалын турукташтырууга багытталган аракеттерин эске албаганына” айыптап жатат. Бишкек прокуратурасынын ою боюнча “Сайтта жана социалдык тармактарда жарыяланып жаткан материалдар азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясатты кескин сындоого багытталган. Мындан тышкары, материалдардын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик муниципиалдык органдардын өкүлдөрүн дискредитациялоого багытталган терс мүнөздө».

Коюлган айыптар бир гана 1937-жылдагы чоң террор учурундагы лексиконду кайталаган жок. Бул айыптоолор кыргыз бийлиги жок дегенде мыйзамга ылайык иштеп жаткандай түр көрсөтпөй калганын айгинелеп турат. Кыргыз Республикасынын бир дагы мыйзамы бийликти сындоого тыюу салбайт. Буга карабай, бийлик жаңы эрежелерин киргизүүдө. Ага ылайык, Кыргызстандын ЖМКлары бийликти начар иши үчүн сындоо укугунан ажырайт. Журналисттер өлкөдөгү көйгөйлөрдү ачык айта алышпайт. Бул үчүн ЖМКны жаап коё алышат. 

Биз бийликти эркин ЖМКларга карата системдүү басымды токтотууга чакырабыз. Кыргызстан элин эркин медианы коргоого, ал эми эл аралык коомчулукту эркин ЖМКларды жок кылуу аракетин сынга алууга чакырабыз«, — деп жазылат кайрылууда.

Кол койгондор:

Семетей Аманбеков,«Bulak.KG»;

Асел Сооронбаева, «Чекит.медиа»;

Аделя Лаишева, медиа эксперт;

Махинур Ниязова;

Дарья Подольская;

Асел Оторбаева;

«24.kg» МА;

Тамара Валиева, КРнын медиа аракеттер платформасынын төрайымы, ЖМКга каршы арыздарды кароо комиссиясынын төрайымы;

Назира Жусупова, Жамааттык ЖМКлар ассоциациясы;

Гладис Темирчиева, «Vesti.kg»;

Иликтөө журналистикасынын фонду;

Аскер Сакыбаева, журналист;

Авланбек Жумабаев, медиа кеңешчи;

Кайыргүл Урумканова,«GovoriTV» ММА;

Лейла Саралаева, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, «Новые лица» басылмасынын башкы редактору;

Нургүл Абдыкеримова, «Медиа өнүгүү борбору»;

Нургүл Шаршембиева, «Журналисттер үйү» КБ, Каракол шаары;

Өмүрбек Сатаев, журналист;

Адил Турдукулов, «ТВ Академия»;

Эркин Убышева, ОЮЛ «Ассоциация Смарт Жаран»;

Бакыт Сатыбеков,«Жарандык демилгелерди сүрөө альянсы» КБ;

«Өнүгүүгө расмий жардам берүү форуму» КБ;

Айзат Русланова, «Борбор Азиядагы дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясы» КФ;

Дина Маслова, «Кактус.медиа»;

Татыбубу Эргешбаева, юристтер коомчулугу «Тандем»;

Жаркынай Ибраева, «Долон», Нарын;

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу;

Булат Сатаркулов, «Поколение 21» КФ

Марат Токоев, журналист;

Жылдызбек Керимбаев,«Bulak.KG»

Дильбар Алимова «Политклиника»;

Динара Ошурахунова, укук коргоочу;

Гульгакы Мамасалиева, укук коргоочу;

Акылбек Ташбулатов, укук коргоочу;

Али Токтакунов, «Медиахаб»;

Алмаз Тажыбай, мамлекеттик саясат талдоо борбору.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты