“Медиа Полиси Институту» балдарга зыяндуу маалымат тараткандарга айып салуу боюнча долбоорду кайра иштеп чыгууну сунуштады

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева балдардын психикасына терс таасир этүүчү маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Жамиля Исаева «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине жана «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда балдардын ден соолугуна зыян келтирген маалыматтарды тараткандарга кылмыштын курамы жок болгон учурда айып салуу сунушталды. Буга ушул багытта жазган массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактардагы пикирлер дагы кириши мүмкүн.

“Медиа Полиси Институту» балдарга зыяндуу маалымат тараткандарга айып салуу долбоору боюнча сын-пикирин, сунуштарын берди.

«Долбоордун өзү Орусиянын “Балдарды алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамынын кезектеги көчүрмөсү. Биздин мыйзам чыгаруучулардын практикасында көнүмүш адатка айланып калгандай, көчүрүп алынган текстти эч ким улуттук мыйзамдарга ылайыкташтырууга аракет да кылбайт. Натыйжада бири-бирине каршы келип, улуттук жана эл аралык укукка шайкеш келбеген мыйзамдар аз эмес. Өткөн жылы президенттин администрациясы сунуштаган жаңы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун мисал катары келтирсек болот, ал да Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынып, журналисттердин укуктарын жана медиа уюмдардын ишин мыйзамсыз чектеген өтө көп терс жоболорду камтыйт», — деп жазылат «Медиа Полиси Институтунун» билдирүүсүндө.

«Медиа Полиси Институту» аталган мыйзам долбоорун коомдук мамилелердин бардык катышуучулары менен бирдикте кайра иштеп чыгуу үчүн чакыртып алууну сунуш кылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты