«Матрёшка гейт». Текебаев Варшавага барып, аны актаган судьяга матрёшканы белекке берди

  • 5 месяцев мурун

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Варшавага кайра матрёшка менен келгенин Фейбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«18 жыл мурун Варшавага келип, кире албай кайра кеткем. Анткени, аэропортто багажымдан курамында героин аралашкан ак порошок салынган матрёшка табылган. Мен кармалып, түрмөгө олтургузулгам. Ошол ишти жаш судья кыз карап, фактыларды, жагдайларды, биографиямды эске алып, мени актап, түрмөдөн бошоткон», — деп жазды Текебаев.

Бул жолу ал ошол судья менен жолукканын айтты.

«9-март күнү ошол судья пани Малгожата Шамборска менен жолуктум. Ага ыраазычылык билдирип, белек бердим. Негизги белек матрёшка болду. Матрёшканын ичинде бул жолу да ак зат бар эле», — деди Текебаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты