Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү

  • 6 месяцев мурун

Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 долларлык (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан президент Садыр Жапаровдун кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүн бөгөттөө боюнча саясатын алдыга жылдыруунун алкагында, Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча тиешелүү комплекстүү издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Тактап айтканда Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 долларды (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) түзгөн төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди.

— Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң долларды түзөт;

— Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 миллион 627 миң долларды түзөт;

— Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 миллион долларды түзөт;

— Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 миллион доллар;

— Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң долларды түзөт;

— Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ(бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң доллар;

— ⁠Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 миллион 100 миң долларды түзөт.

Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты