“Массалык башаламандыкка чакырган” деген шек менен Орусияда жүргөн кыргыз жараны кармалды

  • 5 месяцев мурун

“Массалык башаламандыкка чакырган” деген шек менен Орусияда жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгилүү бир социалдык тармактын колдонуучусу коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды таратып жатканы аныкталган. Аталган социалдык тармактардын колдонуучусу Б.К. экендиги аныкталган. Бул басылмалардын негизинде тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Эксперттин корутундусуна ылайык, бул материалдарда массалык баш аламандыкка, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту бузуучу чакырыктар камтылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 36 , 278-беренелеринин 1-бөлүгүндө (Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. 2023-жылдын декабрь айында жогорудагы 1980-жылы туулган Б.К. аттуу жаран, чет өлкөдө жашынып жүрүп, мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Б.К. 2020-жылдын февралында чет өлкөгө чыгып, Орусиянын аймагында жүргөн. Ошондой эле алимент төлөөдөн кыянаттык менен качкандыгы үчүн Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөндүгү тууралуу да далилдер бар», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Бишкек шаарына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты