Массалык баш аламандыкка чакырган жаран ИИМге жеткирилди
- 7 месяцев мурун
Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган жаран С.Т. массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандыктар) боюнча кылмыш иши козголду.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүп, шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жасалды. Жаран С.Т. андан аркы тергөө иштери үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди.
ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видеону таратты. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот. Инициалы дагы Темирлан Султанбековдукуна туура келет.
Учурда бул факты боюнча тергөө уланууда.




