Машинаны катуу ылдамдыкта буту менен айдап бараткан айдоочу жазага тартылды

  • 2 года мурун

Автоунааны буту менен айдап бараткан видеосу Интернетте тараган айдоочу жазага тартылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу шаардык милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун маалыматына таянып жазды.

“Ээнбаштык жасагандыгы жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн милициянын кайгуул кызматкерлери айдоочуга эки протокол толтуруп, 8500 сом айыппул салышты жана анын машинасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Ошондой эле айдоочу эми мындай жорук жасабасын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады”, — деп билдирген Айтикул уулу.

Машинаны саатына 240 чакырым аралыкка чейинки ылдамдыкта, рулду сол буту менен гана башкарып айдап бараткан айдоочунун видеосу Интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты