Масалиев Мадумаровдун сотунда прокурордун келтирген өтүнүчүн сынга алды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев башкы прокурор Курманкул Зулушевге Адахан Мадумаровдун сотунда прокурордун келтирген өтүнүчү боюнча суроо берди.

“Жакында Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши сотто каралып, өкүм чыкты. Мен тарыхта мындайды биринчи жолу көрүп атам. Сиздин кесиптешиңиз, айыптоочу тараптын кызматкери соттун чечими күчүнө кирмейинче анын бөгөт чарасын өзгөртпөй турууну суранып жатат. Сот макул деп жатат. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 359-беренесинде кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза каралбаса, ал ошол замат эркиндикке чыгыш керек болчу. Соттун чечимин биз карай албайбыз, бирок прокурордун берген сунушун сиз карай аласызбы? Ушундай укугу барбы?” — деп Масалиев Зулушевге суроо берди.

Баш прокурор сотко катышкан ар бири айыптоочу келтирген сунуштары, сүйлөгөн сөздөрүн жазып, каттап турушарын, Мадумаровду абакта калтыруу сунушу боюнча маалыматы жок экенин билдирди. Ал текшерип, жообун бере турганын айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты