Масадыков эл аралык мамилелер боюнча француз делегациясы менен Ооганстандагы кырдаал боюнча пикир алышты

  • 1 год мурун

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Франциянын Куралдуу күчтөр министрлигинин эл аралык мамилелер жана стратегия боюнча Башкы башкармалыгынын Европа, Түндүк Америка жана көп тараптуу аракеттер департаментинин директору Гийом Олланье менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге байланыштуу регионалдык коопсуздук боюнча, Ооганстандагы учурдагы кырдаалдын өрчүшү жана анын регионго тийгизген таасири боюнча актуалдуу маселелер талкууланды, ошондой эле Борбор Азиядагы жана саясий-стратегиялык деңгээлде жалпы эле дүйнөдөгү кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.  

Жолугушууга Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты