Maryotel мейманканасында зордукталган өспүрүм кыздын иши боюнча экинчи шектүү кармалды

  • 2 года мурун

Бишкектеги мейманканалардын биринде жашы жете элек кыздын зордукталуусу боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар экендиги такталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

7-августта Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө У.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында 2005-жылы туулган кызы О.А.ну тааныш адамдар эркине каршы зордуктаганын айткан.

Кыздын ата-энесинин айтымында, кылмышка шектүүлөр кызды Maryotel Bishkek мейманкасынды кармап, кезектешип зордуктоого барышкан. Аталган факт боюнча милиция кылмыш ишин козгоп, 9-августта шектүү 2002-жылы туулган У.Э. кармалган. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү делген экинчи жаран, 1996-жылы туулган Т.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты