Мароккодогу жер титирөө: Курман болгондордун саны эки миңден ашты

  • 11 месяцев мурун

Мароккодогу жер титирөөдөн курман болгондордун саны эки миңден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министрлиги билдирди.

Каза болгондордун саны 2012ге жетти ал эми 2059 киши жабыркаган. Жер титирөөнүн кесепетинен өлкөнүн борбору Марракештин тарыхый имараттары да талкаланган.

9-сентябрга караган түнү Марокко падышачылыгында очогунда 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.  

Өлкөнүн падышасы Мухаммед VI бен аль-Хасан үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Президент Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун королу Мухаммед VI бин Аль-Хасанга Кыргызстандын атынан көңүл айтты.

Сүрөт: AFP.

 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты