Маркумдарга таш, гранит, мрамор, металлдан эстелик коюуга тыюу салуу сунушталды  

  • 19 часов мурун

Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” жарлыкка кол койду.  

Жарлыкта белгиленгендей, “тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таш, гранит, мрамор, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салуу, мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт деп аныктоо” мусулмандар дин башкармалыгына сунушталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты