Маркум Жибек Урустемованын балдары депутатка кайрылды

  • 1 неделя мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн Жибек Урустемованын уулу ага кайрылганын билдирди. Анын айтымында, бул кылмыш иши боюнча сот процесси буга чейин 5 жолу артка жылган. Маркумдун уулу ишти созбой, карап берүүнү өтүнгөн.

Ошондой эле Жибек Урустемова көзү тирүүсүндө ипотека аркылуу батир сатып алган. Расмий маалыматка ылайык, анын банктагы карызы толук жабылганы айтылган. Бирок бул боюнча тастыктоочу документтер бериле элек. Батирди каттоо соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн болору белгиленген.

Сурабалдиева өкмөткө кайрылып, бул маселени көзөмөлгө алууну суранды.

“Бул батир биздин үй-бүлөбүздүн жалгыз турак жайы болуп саналат. Апабыз жок, жанагыдай окуялар болуп кетти деп маркумдун балдары аябай суранып атышат”, — деди депутат.

Жибек Урустемова өткөн жылдын аягында күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Маркумдун артында үч баласы калган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты