Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

  • 2 года мурун

Саясат талдоочу Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна шилтеме берип жазды.

Маалыматта ылайык, маселе сотто бүгүн, 30-июнда каралып, Казакпаев каза болуп калганына байланыштуу анын иши кыскартылган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.

Он күнгө жетпей УКМКнын абагында дагы бир адам каза болгон. Президент бул эки окуяны бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты