Марат Иманкулов Түрк тилдүү мамлекеттердин коопсуздук боюнча жыйынына катышты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

28-июндан 1-июлга чейин Түркияда өткөн жыйында Иманкулов ТМУ өлкөлөрү үчүн актуалдуу болгон терроризм, экстремизм, баңги аткезчилиги, мыйзамсыз миграция, курал-жарак соодасы маселелерине токтолду. Мындан тышкары Ооганстандагы гуманитардык маселени көтөрдү.

«Ооганстандагы коомдук-саясий кырдаалдын татаалдашы, анын ичинде гуманитардык жагы белгиленди. Буга байланыштуу кыргыз тарап ооган элине дүйнөлүк коомчулуктан каржылык жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүү зарылдыгын билдирди», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Иманкулов Ооганстандагы ар кандай террористтик, экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн активдешүүсүнө тынчыздануусун билдирген.

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчылары Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен да жолугушкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты