Марат Иманкулов Евробиримдиктин Ооганстан боюнча атайын өкүлү менен жолукту

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолукту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту коргоо, эл аралык терроризмге, баңги аткезчилигине каршы күрөшүүгө көмөктөшүү, ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери талкууланды. 

Ошондой эле ооган маселелери боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүүлүгү жана ооган элине тез арада гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты