Марат Иманкулов Афганистан маселелери боюнча Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышты

  • 2 года мурун

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Душанбе шаарында Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын Афганистан маселелери боюнча төртүнчү аймактык диалогуна катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын коопсуздук тармагынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар Афганистандагы кырдаалдын мүнөзү, ошондой эле Афганистандын аймагынан келип чыгуучу чакырыктар жана коркунучтар тууралуу пикир алмашышты.

Көйгөйлөрдүн бүткүл комплексин талкуулоо менен катышуучулар Афганистандын келечегин бул өлкөнүн калкынын кызыкчылыгында афгандар өздөрү курушу керек деген пикирге келишти.

Терроризмге, баңги аткезчилигине, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү жаатында көп тараптуу кызматташтыкты активдештирүү менен бирге Афганистанды азыркы эл аралык процесстерге тартуу зарыл. Гуманитардык жана экономикалык каатчылыктан чыгууда Афганистанга жардам көрсөтүүнү улантуу маанилүү.

Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан Афганистандагы коопсуздук маселелеринде, анын ичинде бул өлкөнүн азыркы жетекчилигинин аракеттеринин натыйжасында оң жылыштарга үмүттөнөт. Анткен менен Афганистандагы туруктуулукка кызыкдар мамлекеттер БУУ, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык механизмдердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, ар бир коркунучту биргелешип жана комплекстүү иштеп чыгып, тыштан терс таасир тийгизүүчү аракеттерге өз убагында жана эффективдүү жооп кайтаруунун көп деңгээлдүү системасын түзүшү керек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты