Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга келгенин жарыялады. Ал Ташиев менен жолукту

  • 7 месяцев мурун

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга келгенин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Кыргызстанга келип силер менен амандашып турганыма кубанычтамын. Өзүңүздөр көрүп тургандай Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болуп, улуттук баалуулуктар жана Манас дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлаштык. Жакшы сөзүн айтып, кабыл алганына ыраазычылык билдирем. Мен Манасчы болгон үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Ташиевдин дагы оюнда Манас улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым. Ошону менен бирге буга чейин эстелик коюлбаган 3 областка (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) Манас баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталаарын билдирди», — деп жазды ал.

2022-жылы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон.

Социалдык тармактарда манасчынын бул аракетине бийликтин кысымы себеп болгону айтылууда.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө «Манас» айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты