“Манас” жана “Ош” аэропортторун өткөрүп берүү пландалган YDA INŞAAT компаниясы тууралуу эмнелер белгилүү?

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында өкмөт “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT Construction Holding курулуш компаниясына тышкы башкарууга өткөрүп берүүнү көздөп жатканы белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аба майдандары түркиялык компанияга 50/50 пайыз үлүштүк пайда менен 39 жылга берилерин, учурда сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. 

Бул маалымат коомчулукта кызуу талкуу жаратып, аэропорттор бериле турган компания тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылууда. 

Кыргызстандагы туристтик бизнес секторунун өкүлү Жодар Сайдилкан өлкөнүн негизги аба майдандарынын кесипкөй эл аралык операторго эмес, курулуш компаниясына берилип жатышын сынга алып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдогон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аэрпорттор боюнча ачык сынак өткөрүлбөй, жең ичинен анча белгисиз компаниянын тандалышы Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин билдирген.

“ПолитКлиника” медиасы аэропортторду тышкы башкарууга өткөрүп берүү пландалып жаткан YDA INŞAAT Construction Holding компаниясы тууралуу ачык булактардан маалыматтарды чогултту. 

Компания тууралуу кыскача маалымат

YDA ишканалар тобу 1954-жылы негизделген. Алгач AKSA INŞAAT курулуш компаниясы катары каттоодон өткөн. 1993-жылы холдингтин негиздөөчүсү Яшар Деде Арсландын атынан YDA INŞAAT компаниясы негизделген.

YDA ишканалар тобу көп тармакта: курулуш, кыймылсыз мүлктү өнүктүрүү, авиация, саламаттык сактоо, айыл-чарба, энергетика, маалыматтык технологиялар, санариптик жарнак, тейлөө, камсыздандыруу тармактарында иш алып барат.

YDA Group 2000-жылдардын башында эл аралык рынокко чыгып, Казакстан, Украина, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия, Сауд Аравиясы, Ооганстан жана Молдовада долбоорлор менен иштей баштаган. 

Холдингдин расмий сайтында учурда ишкана аткарып жаткан жана алдыга пландалган иштин көлөмү 5,8 миллиард доллар экени жана анда 16 миңдей адам эмгектенери көрсөтүлгөн.

Авиация тармагындагы иш тажрыйбасы

Ишкананын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, YDA Group авиация тармагында консультация, долбоорлорду иштеп чыгуу, каржылоо, курулуш жана башкаруу багыттары боюнча иш алып барат.

Компания 2003-жылы Түркиянын түштүк-батышында жайгашкан Даламан шаарындагы “Даламан” эл аралык аэропортунун эл аралык терминалын куруу боюнча тендерди утуп алган. 2006-жылдан бери аталган аэропорттун эл аралык терминалын иштетип келет. 2014-жылы аэропортту 26 жылга толугу менен иштетүүгө укук алган. 

YDA Group “Даламан” аба майданынан тышкары Казакстандын “Актау” жана Түркстан облусундагы “Хазрет Султан” эл аралык аэроптортторун башкарат. “Актау” аэропортунда жаңы терминал салса, “Хазрет Султан” аэропортун толугу менен курган.

“Манас” жана “Ош” аэропортторун өткөрүп берүү пландалган YDA INŞAAT компаниясы тууралуу эмнелер белгилүү?
YDA Group толугу менен курган жана анын башкаруусундагы «Хазрет Султан» эл аралык аэропорту

Холдинг мындан сырткары Украинанын Борисполь шаарында жайгашкан “Борисполь” эл аралык аэропортунун, Түркиядагы “Хатай”, “Диярбакыр”, “Аднан Мендерес” аба майдандарында жаңы терминал курууга жана эскилерин жаңылоого катышкан.

2021-жылы Албаниянын Инфраструктура жана энергетика министрлиги менен Влёра шаарында эл аралык аэропорт куруу тууралуу келишим түзгөн. 

Жалпылап айтканда, YDA Group аэропортторду куруу жана жаңылоо боюнча Түркиянын ичинде жана өлкө сыртында бир катар долбоорлорду ишке ашырган. Ал эми холдингдин башкаруусунда үч аэропорт бар. 

Ишкер Жодар Сайдилкан “компания негизги кирешени курулуштан тапкан, ал эми аэропортторду башкаруу жөндөмү начар” деген пикирин билдирген. Анын айтымында, компания башкарган жылдары аба майдандары тейлеген жүргүнчүлөрдүн саны боюнча долбоордо белгиленген көрсөткүчкө жеткен эмес, тескерисинче, жыл сайын жүргүнчүлөрдүн саны азайган.

“Манас” жана “Ош” аэропортторун өткөрүп берүү пландалган YDA INŞAAT компаниясы тууралуу эмнелер белгилүү?
Жодар Сайдилкандын Фейсбуктагы баракчасынан алынды

YDA Group’тун башкаруусундагы “Даламан” аэропорту туристтик сезон убагында күн сайын 80ге чукул учакты кабыл алат. Анын 50сү чет өлкөдөн учуп баргандар.

Казакстандагы “Актау” аэропорту ушул тапта күн сайын 10 учакты кабыл алууда. Түркстандагы “Хазрет Султан” аба майданы күнүнө алтыдан учак кабыл алат. Анын бардыгы өлкө ичинен келген учактар. 

Ал эми “Манас” аэропорту күн сайын 35, “Ош” аэропорту 25 чакты учакты кабыл алууда. Алардын көбү эл аралык каттам менен келгендер.

Аэропорт боюнча ара жолдо калган сынак

2021-жылы кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк банк жана Эл аралык финансы корпорациясы менен “Манас” аэропортун эл аралык операторго өткөрүп берүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгып, эл аралык тендер жарыялоо боюнча келишимге кол койгон.

Тендерге эл аралык тажрыйбасы бар Мюнхен аэропорту, Инчхон Сеул аэропорту, TAB Түркия сыяктуу ири компаниялар катышуу ниетин билдирген. Ал тургай ушул жылдын 14-июнунда Бишкекте инвесторлордун биринчи жыйыны өтүп, ага жогоруда аталган компаниялардын өкүлдөрү катышкан. Дүйнөлүк банк менен Эл аралык финансы корпорациясы жыйында тендерди жылдын аягына чейин жыйынтыктоо ниетин билдирген эле. Бирок Министрлер кабинети көп өтпөй аэропортторду эч кандай сынаксыз YDA INŞAAT Construction Holding компаниясына тышкы башкарууга өткөрүп берүү тууралуу саясий чечим кабыл алынганын жарыялады. Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров бул чечимди Кыргызстан койгон шарттарга башка компаниялар макул болбогону менен түшүндүрүүдө:

«Сынакка катышууга бир топ эл аралык компанияларды чакырдык. Бирок алардын биздин шарттарга көнө турган түрү жок. Ошондуктан биз бүгүн Түркиянын YDA INŞAAT деген компаниясы менен түз келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул компания эки жыл ичинде 450 млн. доллардан 501 млн. долларга чейин инвестиция салып, “Ош” жана “Манас” аэропортторунда учуу-конуу тилкелерин, жаңы аэровокзал жана жүк ташуу терминалдарын курууну убада кылууда”.

Жапаровдун айтымында, эгер компания жогорудагы убадаларын эки жылдын ичинде аткарбаса, салынган инвестициянын баары кыргыз өкмөтүнүн карамагына өткөрүлөт.

Жыйынтык: “Манас” жана “Ош” аба майдандарын тышкы башкарууга өткөрүп берүү пландалып жаткан YDA INŞAAT Construction Holding компаниясы аэропорттордун курулушуна катышып жүргөнү менен менеджментте тажрыйбасы аз болгону чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты