“Манас Ордо” комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

  • 2 года мурун

“Манас Ордо” комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички аудиттик текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен Улуттук “Манас Ордо” комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Аудиттик текшерүүдө, 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, ошондой эле атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажысы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча каражаты ашыкча төлөнүп берилгендиги аныкталган. Мындан тышкары, тендердик сатып алууда, электр энергиясы үчүн төлөөдө, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин муктаждыктары үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууда жана Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдаланышкан. Натыйжада, «Манас Ордо» комплексинин жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 20 миллион 659 миң 300 сом акча каражаты негизсиз чыгымдалган факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337- беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты