«Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалына жаңы жетекчи дайындалды

  • 2 года мурун

«Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аэрорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тимурлан Маданбеков «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалынын директору болуп дайындалды. Жаңы жетекчи «Ош» эл аралык аэропортунун эмгек жамаатына 2023-жылдын 19-январында тааныштырылды. Буга чейин Тимурлан Маданбеков «Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты