«Манас эл аралык аэропортуна» караштуу компаниянын директору бейтааныш адамды тапанча менен коркутуп жаткан видео тарады

  • 9 месяцев мурун

Инстрагамдагы black_list.kg баракчасына Бишкекте эки айдоочунун кайым айтышып жаткандагы видеосу жарыяланды. Видеодон айдоочулардын бири колунда тапанча көтөрүп жүргөнүн көрүүгө болот. Видеону тарткан аял бейтааныш адам жолдошун тапанча менен коркутуп жатканын айткан.

Баракчадагы маалыматка ылайык, окуя Бишкектеги Некрасов көчөсүндө 5-августтун таңында болгон. Тапанчачан адам айдоочуну «сүйлөшкөн кызымды коюп кете жаздадың» деп айыптаган.

«ПолитКлиника» медиасына өздүк булактар колуна тапанча көтөргөн адам «Манас эл аралык аэропорту» ишканасынын туунду компаниясы «ИНТЭКтин» директору Тилек Кадырбердиев экенин билдиришти.

Юстиция министрлигинин сайтынан дагы «ИНТЭКтин» жетекчиси Кадырбердиев Тилек Эркинбекович экенин көрүүгө болот.

"Манас эл аралык аэропортуна" караштуу компаниянын директору бейтааныш адамды тапанча менен коркутуп жаткан видео тарады

Өздүк булактардын айтымында, Кадырбердиев буга чейин «Манас эл аралык аэропорту» ишканасынын дагы бир туунду компаниясы «Манас Менеджменттин» директорунун орун басары болгон. Сөз болуп жаткан видеодо ал айдап жүргөн автоунаа аталган компаниянын кызматтык унаасы экени дагы аныкталды.

Биз бул боюнча комментарий алуу үчүн «Манас эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматына чалып, байланыша алган жокпуз.

Окуя боюнча укук коргоо органдары азырынча маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты