«Манас» эл аралык аэропорту эки учак сатып алды

  • 11 месяцев мурун

«Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Dash-8-400 үлгүсүндөгү учак келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду.

«Бул учактарды алуу Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн негизги кадамы болуп, ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип бермекчи. Бул мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык аларды модификациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Учактарды алуу менен «МЭА» ААК социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелерге артыкчылык берилет», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты