«Манас айылын» реконструкциялоо боюнча сынакка 14 долбоор сунушталды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин жаңылоо боюнча жарыяланган ачык сынакка долбоорлорду кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу 6-июлда “Бишкек башкы архитектура” башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, сынакка жалпы 14 долбоор келип түштү. Каалоочулар алар менен 6-7-июль күндөрү саат 17:00гө чейин “Бишкек башкы архитектура» уюштурган көргөзмөдөн тааныша алат.

6-июнда жарыяланган сынакка түшкөн архитектуралык долбоорлор боюнча коомдук талкуу эки күн уланып, калыстар тобунун бүтүмү 8-июлда чыгарылат.

Сынактын жеңүүчүсүнө 1,5 млн сом, экинчи орунга 1 млн сом жана үчүнчү орунга 500 миң сом берилет. Жеңүүчүсүн аныктоо үчүн 12 адамдан турган комиссия түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты