“Манас” аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу пландалууда
- 7 месяцев мурун
Бүгүн, 17-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Манас” эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу долбоору менен таанышты.
Маалыматка ылайык, 4 тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзүп, Бишкектин түндүк айланма жолунан Жаш Гвардия бульварына чейин созулат. Долбоордо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган. Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле Чүй облусунда Мраморное менен Виноградное айылдарын байланыштырган 8,7 чакырымдык жол жана көпүрө куруу пландалууда.
Долбоор унаа тыгынын азайтып, жол коопсуздугун жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Муну бөлүшүү




