«Манас» аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды

  • 9 месяцев мурун

Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында бейбаштык жасаган жана кызматкерди сүзүп кете жаздаган унаанын айдоочусу дагы бар.

«Кармалган 12 айдоочунун ар бирине 15 миң сомдон айып салуу менен унаасы айып короо жайына киргизилди. Ал эми айдоочулар андан ары тийиштү чара көрүү үчүн тергөө кызматтарына жеткирилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү аэропортко бара жаткан жолдо унаа жарыш уюштурулуп, «БМВ” үлгүсүндөгү унаа жарышка түшүп жаткан жеринен кармалган. Айдоочуга карата протокол түзүлүп, ал эми унаа айып короо жайына киргизилген. Жол эрежесин бузууга аракет кылган башка унаалар изделип жатканы айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты